Редакцияот 28.09.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин XI–(бешинчи шайланган) сессиясы

 

2013-жылдын 28-сентябры № 3

Кашкар-Кыштак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2013-жылга киреше жана чыгаша сметасына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Айылдык кенештин депутаттары айыл өкмөтүнүн ФЭБунун башчысы Р.Рахматовдун 2013-жылга 9-айлыгынан кийинки ашыкча түшкөн акча кара жаттарынын киреше жана чыгаша сметасына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо лорду киргизүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкууланып, алар тарабы нан киргизилген өзгөртүүлөрдөн кийин, Кашкар-Кыштак айылдык кенеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Кашкар-Кыштак айылдык аймагынын айыл өкмүтүнүн 2013-жылдын 9-айында план боюнча 11978,6 миӊ сом болуп, аткарылганы 14755,5 миӊ сомду түзгөндүгү белгиленсин.

2.  2013-жылдын 9-айында иштетилбей калган статьялардагы акча каражат тарын бөлүмдөн бөлүмгө (раздел) өткөруп, каржылоого уруксат берилсин.

3.  Кашкар-Кыштак айылдык аймагынын айыл екметунун 2013-жылдын 9-айында план боюнча 2087,6 мин сом болуп, аткарылганы 2028,5 мин сомду тузгендугу белгиленсин.

4.  Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-айлыгынын бюджети нин артыкча кирешелери 3586,4 мин сомду түзүп, аткарылбай калган киреше 802,0 миӊ сомду түзөт, ал эми таза киреше 2784,4 мин сомду түзгөндүгү белгиленсин.

5.  Кашкар-Кыштак  айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-айлык бюджети ашык ча каражаттардын киреше жана чыгашалары менен 2784,4 миӊ сом өлчөмундө бекитилсин.

6.  Айыл өкмөтүнүн 2013-жылга кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар № 1, № 2 тиркемелерге ылайык аныкталсын.

7.Кара-Суу райондук финансы бөлүмүнөн ашыкча түшкөн киреше эсебинен план иштеп берүү жагы суралсын.

 

Кашкар-Кыштак айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Б. Жунусов