Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин X–(бешинчи шайланган) сессиясы
2013-жылдын 27-июлу № 11
Муниципалдык менчикке тиешелүү болгон жерлердин ижара акыларынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Депутаттар айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Абдылдаевдин муниципалдык жерлердин ижара акыларынын, күнүмдүк соода кылган жаран дардан жана австоянка үчүн жыйымдардын өлчөмдөрүн бекитип берүүнү сураган сунушун угуп жана талкуулап, айылдык кенештин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Муниципалдык менчикте турган жалпы пайдалануудагы жерлерди ижарага берүүдө ижара акыларынын өлчөмдөрү төмөндөгүдөй белгиленип :
I-зона - айыл өкмөтүнүн имаратынан баштап «Опытное поле» участкасына чейин 1 м2 жер аянтына 1 айга - 12 сомдон,
II - зона - Кашкар-Кыштак айлынын ички көчөлөрүндө 1 м2 1 айга - 10 сом,
III - зона - Мөнөк,Кенжекул айылдарында 1 м2 1 айга - 8 сом,
IV - зона - Алгабас, Бекжар, Жарооз жана Кайрагач айылдарында 1 м2 1 айга - 5 сом,
V - зона - «Чыйырчык» жайлоосунда 1 м2 1 айга - 3 сомдон.
Күнүмдүк соода жүргүзгөн жарандардан 1 күнгө ;
- чөп, кум, көмүр, таш дарбыз, коон саткандарга - 100 сом,
- жашылча, мөмө-жемиш, нан саткандарга - 50 сомдон,
Автоунаалардын ээлеринен парковка үчүн 1 күнгө ;
- жеёил унааларга - 10 сом,
- «Лабо», «Портер» унааларына - 20 сом,
- жүк ташуучу унааларына - 30 сом,
- оор жүк ташуучу унааларына - 50 сомдон жыйымдар алынсын.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |