Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин X–(бешинчи шайланган) сессиясы
2013-жылдын 27-июлу № 9
№ 122 орто мектебинин 0,02 га жер аянтын алмаштыруу жөнүндө
Депутаттар айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Абдылдаевдин № 122 орто мектебинин аймагына чектеш жайгашкан, айылдын тургуну .Исмаилов Икрамжанга тиешелүү болгон уч бөлмөлүү курулушун мектептин бош жаткан
0, 02 га жерине алмаштыруу, анын эсебинен мектептин аймагын кеңейтуу жөнүндөгу сунушун жана мектеп жамаатынын жалпы чогулу-шунун протоколун угуп жана талкуулап, айылдык кенештин сессиясы,
1. № 122 орто мектебинин чарбалык муктаждыктарын эске алып, анын аймагын кеңейтүү максатында Кашкар-Кыштак айлынын тургуну Исмаилов
Икрамжанга тиешелүү болгон үч бөлмөлүү курулушун анын макулдугу менен мектептин бош жаткан 0,02 га жер аянтына алмаштырууга уруксат берилсин.
2. Жерлерди алмаштыруу богонча иш чараларды бүтүрүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы жана № 122 орто мектебинин директору К.Юнусовго тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, агроөнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |