Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин X–(бешинчи шайланган) сессиясы
2013-жылдын 27-июлу № 8
Эмгектин ардагери Сайдинов А. ысымын көчөлөрдүн бирине ыйгаруу жөнундө
Депутаттар айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы М.Маматалиевдин Мөнөк айлынын тургундарынын эмгектин ардагери Сайдинов Арипжандын ысымын Мөнөк айлынын көчөлөрүнүн бирине ыйгаруу жөнүндөгү жалпы элдик чогулушунун протоколун бекитүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айыл дык кенештин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мөнөк айлынын тургундарынын 2013-жылдын 17-июнундагы жалпы элдик чогулушунун протоколу бектилсин.
2. Мөнөк айлынын Р.Ажикулов атындагы көчөсүнүн күн чыгыш тарабындагы экинчи көчөгө эмгектин ардагери, Ленин жана Эмгек Кызыл Туу ордендеринин ээси Сайдинов Арипжандын ысымы ыйгарылсын.
3. Токтомдун көчүрмөсү тиешелуу мамлекеттик органдарына Сайдинов Арипжандын туугандарына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы М.Маматалиевге жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |