Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин X–(бешинчи шайланган) сессиясы
2013-жылдын 27-июлу № 6
Айыл аймагыиын жарандарына берилуучу аныктамалардын төлөм акысынын баасын бекитүү
Депутаттар айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы М.Маматалиевдин айыл өкмөтү тарабынан жарандарга берилүүчү аныктамалардын баасын 5 сомдон бекитип берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, айылдык кенештин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагынын жарандарына берилүүчү аныктамалардын, атайын бланкаларды жана канцеляриялык буюмдарды сатып алууну эске алып, төлөм акысы 5 (Беш) сомдон белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүнүн жаӊы уюшулган Мөнөк, Кенжекул, Жарооз, Бекжар жана Алгабас өз алдынча башкаруусунун (ӨАБО -ТОС) башчыларына жарандарга аныктамаларды беруу укугу берилсин.
3. Улуу Ата мекендик жана Ооган согушунун, Чернобыль апаатынын катышуучуларына жана тубаса майыптарга аныктамалар акысыз берилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы М. Маматалиевге жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |