Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин X–(бешинчи шайланган) сессиясы
2013-жылдын 27-июлу № 4
«Алтын балалыгым» балдар бакчасына
кошумча 3 (үч) тайпа ачуу үчүн уруксат берүү жөнүндө
Кун тартибиндеги төртүнчү маселе боюнча айылдык кенештин катчысы Маматалиев Машрапбай Кашкар-Кыштак айылындагы «Алтын балалыгым» балдар бакчасында тарбияланган балдардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу жана айылдын 2-участкасында балдар бакчасы жок, ал эми 1-участкадагы балдар бакчасы алыс жайгашып, 1-участкасына, «Алтын балалыгым» бакчасынын кошумча тайпаларын ачууга уруксат берүүнү сураган бакчанын башчысы Миӊбаева Адинанын арызы менен депутаттарды тааныштырды.
Депутаттар арызда көрсөтүлгөн жүйөөлөрдү иликтеп жана талкуулап чыгып, чындыгында айыл өкмө- түнүн аймагында жашаган элдин жыштыгына жана жаш үй-бүлөлөрдүн өсүп бараткандыгына байланыш туу балдар бакчаларындагы орундар да кескин жетишпей жаткандыгынан кошумча балдар бакчаларын ачуу муктаждыгы келип чыкты, андан тышкары ата-энелерден да кошумча орундарды ачуу жөнүндө талап тар коюлуп жатат, иштеп турган бакчаларда орундардын жетишеиз экендигин жана кошумча тайпа ачуу зарыл экендигнн айтышып, «Алтын балалыгым» балдар бакчасына 1 -участкасында кошумча тайпа ачуу жөнүндөгү арызды канааттандырууну депутаттар бир добуштан колдоого алышты.
Жогорудагылардын негизинде жана Кыргыз Республнкасынын «Мектепке чейннки билим берүү жөнүн- дөгу» мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу, мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жакшыртуу жана балдар бакчаларынын материалдык-техникалык базасын чындоо максатында Кашкар-Кыштак айылдык кенеши :
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Мектепке чейинки билим берүү жөнүндөгү» мыйзамынын талаптарына ылайык жана мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, балдар бакчаларынын материал дык-техникалык базасын чыцдоо максатында Кашкар-Кыштак айлындагы «Алтын балалыгым» балдар бакчасына ижаралык келишимдин негизинде кошумча үч тайна ачууга уруксат берилсин.
2. Кошумча тайпалар үчүн ылайыктуу имараттын ээси менен келишим тузүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин билим берүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөүлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |