Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин X–(бешинчи шайланган) сессиясы
2013-жылдын 27-июлу № 2
«Чыйырчык» жайлоосундагы «Кара-Суу району»
деген белгини чекарага жылдыруу жөнүндө
Депутаттар айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин төрагасы жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Абдылдаевдин «Чыйырчык» жайлоосундагы «Кара-Суу району»деген белгини Кара-Суу жана Алай райондорунун чекараларынын ортосуна жылдырууга жана орнотууга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, айылдык кенештин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу «Чыйырчык» жайлоосундагы «Кара-Суу району» деген белгиси Кара-Суу жана Алай райондорунун чекараларынын ортосуна жылдырылып, орнотулсун.
2. Бул иш чараны аткаруу үчүн түзүлгөн сметанын негизинде жергиликтүү бюджеттен 200 000 (Эки жүз мин) сом ажыратылсын.
3. Айыл өкмөтүнүн ФЭБүнө (Р.Рахматов)-иш чарага ажыратылган акча каражатын өз убагында бөлүп берүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин менчик, бюджет, финансы жана экономикалык өнүгүү боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |