Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин X–(бешинчи шайланган) сессиясы
2013-жылдын 27-июлу № 1
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин аракетке киргизүү жөнүндөгү" № 231 мыйзамына ылайык 2014-жылдын 1-январынан баштап жер жана мулктөн алынуучу салыктарды киргизүү жөнүндө
Депутаттар айыл өкмөтүнүн салык бөлүмүнүн башчысы А.Абдуллаевдин жер жана обьекттер боюнча мүлкөен алынуучу салыктарды 2014-жылдын 1- январынан баштап киргизүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, айылдык кенештин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын "Салык кодексинин" 3-беренесинин З-бөлүмү- нүн талаптарына ылайык жер жана 1,2, 3 группадагы обьекттер боюнча мүлк төн алынуучу салыктарынын коэффициенттери зоналдык шарттарга ылайык төмөндөгүдөй өлчөмдө белгиленсин:
а) аймактагы тоо зонасы үчүн - 0,8 коэффициент,
б) айыл жерлери үчүн - 1,2 коэффициент.
2. Айыл өкмөтүнүн Салык бөлүмүнө (А.Абдуллаев) - жер жана обьекттер боюнча алынуучу салыктардын зоналдык коэффициенттери туура чегерилишин көзөмөлдөө жагы тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин менчик, бюджет, финансы жана экономикалык өнүгүү боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |