Редакцияот 09.04.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин VII–(бешинчи шайланган) сессиясы

 

2013-жылдын 9-апрели № 4

Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларында

ата-энелердин мучөлүк акыларынын өлчөмүн көтөрүү жөнүндө

 

Кашкар- Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы М.Насирдиновдун аймактагы балдар бакчаларында ата-энелерден тушкен мүчөлүк акыларды 600 сомго көтөрүү жөнүндөгү сунушун угуп, талкуулап чыгып, балдар бакчаларында тарбияланып жаткан жаш жеткинчектердин ден соолугуы чындоо, алардын тамакта рынын рационун жакшыртуу максатында Кашкар-Кыштак айылдык кенешинин сессиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Азыркы убактагы тамак-аш өнүмдөрүнүн, жашылчанын кымбатташына байланыштуу жана инфляцияны эсепке алуу менен аймактагы балдар бакчаларында ата-энелерден түшкөн мүчөлүк акылардын өлчөмү 600 сомго көтөрүлсүн.

2. Аймактагы балдар бакчаларында ата-энелер чогулуштары өткөрүлсүн жана токтом менен ата-энелер тааныштырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБунун башчысы Р.Рахматовго жүктөлсүн.

 

Кашкар-Кыштак айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Б. Жунусов