Редакцияот 09.04.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин VII–(бешинчи шайланган) сессиясы

 

2013-жылдын 9-апрели № 3

Кашкар-Кыштак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин

2013-жыл үчүн бюджетин бекитүү жөнүндө

 

 Жайыт комитетинин төрагасы Т.Эргешовдун 2013-жыл үчүн жайыт комитетинин бюджетинин долбоорун угуп, талкуулап чыгып, Кашкар- Кыштак айылдык кенештин сессиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Кашкар-Кыштак айылдык аймагынын айыл өкмөтунун 2013-жылда Жайыт комитетинин бюджетинин киреше бөлүгү төмөндөгүдөй кирешелерден түзүлсүн:

Жарандардын жайытка чыга турган кара мал, жылкы жана кой- эчкилери үчүн алына турган салыктын өлчөмү бир айга төмөндөгүдөй белгиленсин :

 - кара малга - 15 сом,

 - жылкыга - 20 сом,

 - кой-эчкиге - 5 сом.

 2. Башка айыл өкмөттөрдүн жарандарынын жайытка чыга турган кара мал, жылкы, кой-эчкилери үчүн алына турган салыктын өлчөмү бир айга төмөндөгүдөй белгиленсин

 - кара малга - 30 сом,

 - жылкыга - 40 сом,

 - кой-эчкиге - 10 сом.

 3. Жайыт комитетинин 2013-жыл үчүн бюджетинин чыгаша бөлүгү төмөндөгүдөй чыгашалардан турсун:

 - айыл өкмөтүнүн бюджетине - 60 000 сом, - эмгек акыга      - 90 000 сом,

 - соцфондго - 17 000 сом, - кызматтык машинаны оӊдоого - 7 000 сом,

 - жайыт жолдорун оӊдоого - 54 000 сом, - эмгек акыдан салык       - 5 000 сом,

 - куйуучу майга           - 12 000 сом, - ар турдуу чыгымдарга  - 8 900 сом,

 баары 249 900 сом болуп бекитилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын кеземелдөө жагы айыл чарба, агроөнөржайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жана жайыт комитетинин төрагасы Т.Эргешовго жүктөлсүн.

 

Кашкар-Кыштак айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Б. Жунусов