Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин V–(бешинчи шайланган) сессиясы
2013-жылдын 12-марты № 2
Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына талапкерлердин платформасы жөнүндө
Депутаттар Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына өзүнүн талапкерлигин койгон 10 талапкердин ар биринин платформасын угуп жана талкуулап, айылдык кенештин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына талапкерлигин койгон талапкерлердин платформалары эске алынсын жана утуп чыккан талапкерлерге айыл өкмөтүнүн көйгөйлүү маселелерин чечүүдө платформаларда айтылган пикирлерди жетекчиликке алуу жана иш практикасында пайдалануу сунушталсын.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына кайсы талапкер шайлангандыгына карабастан айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык абалын, материалдык техникалык базасын чыңдоодо, айылдын инфраструктурасын, элдин турмуш деңгээлин көтөрүүдө, жарандардын кайрылууларын өз убагында чечүүдө, кадрлар менен иштөөдө жана башка социалдык маселелерди чечүүдө акыйкаттыкты, адилеттүүлүктү жана теӊ укуктуулукту камсыз кылуу көрсөтүлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |