Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин V–(бешинчи шайланган) сессиясы
2013-жылдын 12-марты № 1
Айылдык кенештин жана айыл өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын долбоорун
мамлекеттик тилде гана кароого киргизүүгө жол берүү жөнүндө
Депутаттар айылдык кенештин төрагасы Б.Жунусовдун сунушун угуп жана талкуулап чыгып жана Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 22-февралында кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүн дөгү» мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу № 30 мыйзамынын 1-берен. 2-бөлүгүнүн талаптарына ылайык Кашкар-Кыштак айыл дык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 22-февралында кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү» мыйза- мына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу № 30 мыйзамынын 1-беренесинин. 2-бөлүгүнүн талаптарына ылайык айылдык кенештин ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин мый замдуулук, укук, тартипти чыёдоо, кеёештин иштери жана депутаттык этика боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |