Редакцияот 27.10.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Кыя айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIII-сессиясы

 

2014-жылдын 27-октябры № 16/2

«Кочкор райондук Таза-Суу» муниципалдык ишканасын түзүү, уюштурууга

макулдугун берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 6-беренесинин жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамынын II-беренесинин негизинде, депутаттардын Ак-Кыя айылдык кеңеши, Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн балансында катталган «Таза-Суу» ишканасын киргизүүгө

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Депутаттардын Ак-Кыя айылдык кеңешинин Кара-Суу айылындагы Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн балансындагы «Таза-Суу» ишканасын Кочкор айылдык «Таза-Суу» ишкканасына кирүүгө жана «Кочкор райондук «Таза-Суу» муниципалдык ишканасын түзүүгө өздөрүнүн макулдугун беришет.

2. Юридикалык каттоодон өткөзүлгөн күбөлүгүн көчүрмөсү берилет.

 

Ак-Кыя айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Т. Абрахманова