Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-сентябры № 101
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы жарым жылдык бюджетинин киреше, чыгашалар боюнча аткарылышы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (Vчакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги ХVII сессиясы Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы жарым жылдык бюджетинин киреше, чыгашалар боюнча аткарылышы жөнүндө маселени карап чыгып, талкуулап төмөндөгөдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Биринчи жарым жылдыкта айыл өкмөтүнүн киреше, чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылгандыгы эске алынсын.
2. Жыл башында бекитилген СДКнын 22211100 статьясына каралган 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты бала бакчанын 22211100 статьясына жана ЖКХнын 22154900 статьясына каралган 338 000 (үч жүз отуз сегиз миң) сом акча каражатынын – 100 000 (бир жүз миң) бала бакчанын 22211100 статьясына, ал эми 238 000 (эки жүз отуз сегиз миң) бала бакчанын 22211100 статьясына бекитилсин.
3. Салыктын кээ бир түрлөрүнөн ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен тиркемеге ылайык Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнө бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Тынай уулу Бакытка милдеттендирилсин.
Төрага | А. Кимсанов |