Редакцияот 25.10.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (V чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги VII сессиясы

 

2014-жылдын 25-октябры № 91

Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын бюджетинин атайын каражатына кошумча каражат кароо жөнүндө

Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын бюджетинин атайын каражатына кошумча каражат кароо боюнча айылдык кеңештин туруктуу финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча” комиссиясында каралып, алардын сунуштарынын негизинде Мырза-Аке айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу  “Келечек” жана “Данияр-Нур” балдар бакчаларынын ата-энелер төлөмдөрүнүн түшкөн 825 000 (сегиз жүз жыйырма беш миң) сом атайын каражаты Мырза -Аке айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө бекитилсин.

2. Ата-энелер төлөмдөрүнүн түшкөн 825 000 (сегиз жүз жыйырма беш миң) сом атайын акча каражаты Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын бюджетинин төмөндөгү чыгаша бөлөгүнө бекитилсин: Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу  “Келечек” жана “Данияр-Нур” балдар бакчаларына азык-түлүктөрдү сатып алууга.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Тынай уулу Бакытка милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Кимсанов