Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 10-февралы № 8
“ Базар-Коргон райондук маданият үйүнүн башчысы С.Калдарованын 2015-жылдын 19-январындагы кириш№ 7-каты жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIIсессиясы, Базар-Коргон райондук маданият үйүнүн башчысы С.Калдарованын 2015-жылдын 19-январындагы №7-катындагы 2015-жылга айылдык китепканага “ Моделдик китепкана” ачуу үчүн техникалык каражаттар менен камсыз кылууга акча каражатын бөлдүрүүнү сураган кайрылуусун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл аймагына айылдык китепканага “Моделдик китепкана” ачуу үчүн техникалык каражаттарга көп акча каражаты жумшалат. Ал эми 2015-жылга чоң курулуш иштерине акча каражаты бөлүнүп, бюджет тартыш болуп жаткандыгын эске алуу менен кошумча булактарынан алып берүү жагы каралсын.
2. Кабыл алынган токтом Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына мамлекеттик тилде жарыялансын.
3. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин « Бюджет, өнөр-жай, курулуш жана кызмат көрсөтүү боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Маманов |