Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 10-февралы № 9
“ Аксакалдар сотунун төрагасы Сулайманкулов Жамалдиндин кириш №С-6.20.01.2015-жылдагы арызы жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы ,
Бешик-Жон айыл аймагынын аксакалдар сотунун төрагасынын 2015-жылдын 20-январындагы 2015-жылга эмгек акысын бекитип берүүсүн сурап кайрылган арызы боюнча угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл аймагынын аксакалдар сотунун соттук процесстерине жумшалуучу иш кагаздары айыл өкмөттүн бюджетинен каржылансын. Ал эми аксакалдар сотунун төрагасына жана мүчөлөрүнө соттук процессте салынган штрафтары толугу менен өздөрүнө эмгек акы болуп калтырылсын.
2. Кабыл алынган токтом Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына мамлекеттик тилде жарыялансын.
3. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы өзүмө калтырылсын
Төрага | А.Маманов |