Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 10-февралы № 10
“Жаңы конуш көчөлөрунө ысым берүү жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы,
Бешик-Жон айылынын тургуну Аманкулов Салмоорбектин айыл өкмөткө жазган атасынын ысымын Аширов Толкундун үйүнөн Субанов Баатырбектин үйүнө чейинки кеткен көчөгө коюп берүүсүн сурап кайрылган арызынын негизинде өткөрүлгөн айылдык жыйындын жана Баймундуз айылынын тургуну Абдиллаев Абдижамылдын Абдылазов Сражидин атындагы көчөдөн ылдый Аккыз-Жонго кеткен көчөгө атасы Салиев Абдилайдын ысымын берүү жөнүндөгү арызынын негизинде өткөрүлгөн айылдык жыйындын протоколун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айылындагы Супатаев көчөсүнүн жанындагы Аширов Толкундун үйүнөн Субанов Баатырбектин үйүнө чейин эмгек ардагери маркум Аманкулов Калдарбектин ысымы берилсин.
2. Баймундуз айылындагы Абдылазов Сражидин атындагы көчөдөн ылдый кеткен көчөгө эмгек ардагери маркум Салиев Абдилайдин ысымы берилсин.
3 .Көчөнү жашылдандырууга жана тазалыгына, шагал төшөөгө арыз ээси жардам көрсөтүп, жолдорго коюлуучу табличкаларды архитектуранын көрсөтмөсүнө негиз илинсин. Бул токтомдун көчүрмөсүн арыз ээсине жеткирүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
4 .Кабыл алынган токтом Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына мамлекеттик тилде жарыялансын.
5. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешик-Жон айылдык кеңешинин алдындагы Мыйзамдуулукту коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жана агрардык саясат, азык-түлүк, экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Маманов |