Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-марты № 13/88
Калкты ичүүчү суу менен камсыз кылууда «Жанчар-Булак» ИСКАКБынын 2015-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ак-Кыя айылындагы «Жанчар-Булак» ИСКАКБынын төрагасынын милдетин аткаруучу Ж. Аскаровдун маалыматын жана 2015-жылга карата бюджетинин долбоорун угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Калкты таза суу менен камсыз кылууда «Жанчар-Булак» ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинде бир катар иштерди жүргүзүп жаткандыгы белгиленсин.
2. «Жанчар-Булак» ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин 2015-жылга карата кирешелер 60,0 сом өлчөмүндө бекитилсин.
№ | Киреше булактары | Берилген план |
1. | Айыл элинен | 36720 |
2. | Айыл аймагындагы мекемелерден | 8280 |
3. | Үйүнөн суу пайдалангандардан | 15,0 |
| Баардык киреше | 60,0 сом |
3.2015-жылга «Жанчар-Булак» ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин чыгашалары 60,0 сом болуп төмөндөгүдөй бекитилсин.
№ | Статьялардын аталышы | Сумма м.с. |
1. | Эмгек акы | 24,0 |
2. | Соцфондго чегерүү | 4140 |
3. | Кайтарым кредит | 10570 |
4. | Сатуудан түшкөн салык 3% | 1,8 |
5. | Ар кандай чыгым үчүн | 4020 |
6. | Ремонтко | 10,0 |
7. | Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдө борборуна | 2472 |
8. | Роялти | 3,0 |
| Жалпы чыгым: | 60,0 сом |
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.К. Элтуйбасов |