Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-марты № 13/89
Калкты ичүүчү суу менен камсыз кылууда «Бүлөтү» ИСКАКБынын 2015-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Сары-Булак айылындагы «Бүлөтү» ИСКАКБынын төрагасынын милдетин аткаруучу Т.Абдыкеримовдордун маалыматын жана 2015-жылга карата бюджетинин долбоорун угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Калкты таза суу менен камсыз кылууда «Бүлөтү» ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинде бир катар иштерди жүргүзүп жаткандыгы белгиленсин.
2. «Бүлөтү» ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин 2015-жылга карата кирешелер 7,2 сом өлчөмүндө бекитилсин.
№ | Киреше булактары | Берилген план |
1. | Айыл элинен | 4,8 |
2. | Айыл аймагындагы мекемелерден | 2,4 |
| Баардык киреше | 7,2 сом |
3.2015-жылга «Бүлөтү» ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин чыгашалары 7,2 сом болуп төмөндөгүдөй бекитилсин.
№ | Статьялардын аталышы | Сумма м.с. |
1. | Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдө борборуна | 2472 |
2. | Ремонтко | 4152 |
3. | Сатуудан түшкөн салык 3% | 216 |
4. | Роялти | 360 |
| Жалпы чыгым: | 7,2 сом |
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.К. Элтуйбасов |