Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-марты № 13/90
Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин 2015-жылга бюджетинин бекитүү жөнүндө
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Ж. Аскаровдун 2014-жылда жүргүзгөн иштеринин маалыматы жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин 2015-жылга карата бюджетинин долбоорун угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин 2014-жылга бюджетинин аткарылышы боюнча кирешелери 276,174,0 сомго, чыгашалары 311,528,0 сомго аткарылганы белгиленип, жыл аягында калган калдык 138,0 сомго бекитилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин 2015-жылга карата кирешелер 416,825,0 сом өлчөмүндө бекитилсин.
№ | Киреше булактары | Берилген план |
1. | Шартуу мал башынан (кой,эчки,уй,жылкы) | 188,825 |
2. | Топоздордон | 90,0 |
3. | 2014-жылдан калдык | 138,0 |
| Баардык киреше | 416,825 сом |
3. 2015-жылга жайыт комитетинин чыгашалары 416,825 сом болуп төмөндөгүдөй бекитилсин.
№ | Статьялардын аталышы | Сумма м.с. |
1. | Эмгек акы | 132,0 |
2. | Соцфондго чегерүү | 22770 |
3. | Жайыт жер салыгы үчүн | 24670 |
4. | Сатуудан түшкөн салык 3% | 7625 |
5. | Ар кандай чыгым үчүн | 11620 |
6. | Траспорттук чыгым | 20,0 |
7. | Райондук ассоцияга | 10,0 |
8. | Өздүк салым | 155,0 |
9. | Иш кагаздарын жүргүзүгө концтоварга | 3,0 |
10. | Инвентар | 30,0 |
| Жалпы чыгым: | 416,825 сом |
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин экономикалык саясат жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.К. Элтуйбасов |