Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-марты № 13/93
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жыл башында бош калган каражатка кошумча смета түзүү жөнүндө
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-январына бош калган бюджеттик каражаттан 669723,0 сомду жана атайын каражаттан 41088,0 сомду бөлүп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы
С. Калбаялиеванын маалыматтын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-январына бош калган каражатынан айыл өкмөтүнө бюджеттин эсебинен
Бюджеттик эсеп боюнча:
2215- аппарат -ар кандай чыгымдар статьясына - 669723,0 сом
Баардыгы - 669723,0 сом
Атайын каражат боюнча:
2218 -бала бакча -тамак-аш статьясына -28230,0 сом
2215 -аппарат -ар кандай чыгымдар статьясына -12858,0 сом
Баардыгы -41088,0 сом
2. Жалпы баардыгы 710811,0 сом бекитилип берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүн башчысы С. Калбаялиевага тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б.К. Элтуйбасов |