Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
от 1 февралы 2014 года № 66
Кароол айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча аткарылышы боюнча бекитүү жөнүндөгү маселе «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери» боюнча туруктуу комиссияда» каралып, алардын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, Кароол айылдык кеңешинин кезексиз он үчүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар боюнча аткарылышында ийгиликтер менен кемчилдиктер орун алгандыгы белгиленсин.
2. Мурунку жылдардан өндүрүлбөгөн салыктарды жана жыйымдарды өндүрүү үчүн 2014-жылдын 1-апрелине чейин айыл өкмөтүнө мөөнөт берилсин жана чыгармачылык менен иштеп, жаңы каржы булактарын табуу менен иш алып баруу Кароол айыл өкмөт башчысы Р.А.Сайитовго милдеттендирилсин.
3. Социалдык фондго камсыздандыруу төлөмдөрүн өз убагында аткаруу жана мурунку жылдардан өндүрүлбөй калгандарын аткаруу айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери» боюнча туруктуу комиссиясына (Амиракулов А.М.) милдеттендирилсин.
Төрага | Акматалиев А.Т |