Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 1-февралы № 67
«Кароол айыл өкмөтү менен Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн №26 Кароол, Мырза-Арык, №27 Шералы административдик участкаларынын Кароол айыл аймагы боюнча 2015-жыл үчүн иш планын бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасында укук бузуулардын алдын алуу жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде Кароол айыл өкмөтү менен Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн №26 Кароол, Мырза-Арык, №27 Шералы административдик участкаларынын Кароол айыл аймагы боюнча 2015-жыл үчүн иш планын «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика» боюнча туруктуу комиссияда каралып, алардын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, айылдык кеңештин сессиясында талкууланып, каралып, Кароол айылдык кеңешинин кезектеги жыйырма биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кароол айыл өкмөтү менен Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн №26 Кароол, Мырза-Арык, №27 Шералы административдик участкаларынын Кароол айыл аймагы боюнча 2015-жыл үчүн иш планы бекитилсин (тиркелет).
2. Иш планды аткарууну жетекчиликке алуу Кароол айыл өкмөтүнүн соц.адиси жана коомдук алдын-алуу борборунун төрайымы К.А. Акматовага милдеттендирилсин.
3. Кароол айыл өкмөтү менен Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн №26 Кароол, Мырза-Арык, №27 Шералы административдик участкаларынын Кароол айыл аймагы боюнча 2015-жыл үчүн түзүлгөн иш планды аткарууга алуу жана кылмыштуулукту алдын алуу, кыскартуу боюнча иш чараларды жүргүзүү үчүн 2015-жылдын бюджетинен ____ сом каралган каражатты бөлүп берүү жагы Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сайитовго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына (Суранбаев А.С.) тапшырылсын.
Төрага | Акматалиев А.Т |