Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 1-февралы № 68
Кароол айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча 2013-жылдын эсебинен үнөмдөлгөн бюджеттик эсептен 745 480 сом жана атайын каражаттан 4840 сом акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү маселе «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери» боюнча туруктуу комиссияда» каралып, алардын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, Кароол айылдык кеңешинин кезексиз он үчүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылдын эсебинен үнөмдөлгөн акча каражатын Кароол айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгашалары боюнча бюджеттик эсептен 745 480 сом жана атайын каражаттан 4840 сом акча каражаты төмөндөгү бөлүмгө жумшалсын:
- айыл чарбасына 145 160 сом.
- башкаруу аппаратына 4840 сом;
- ТТЧ (ЖКХ) 450 000 сом;
- сайт -
- туалет -
- ФАП -
- соцфондго чегерүү 100 000;
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Акматалиев А.Т |