Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-апрели № 11/2
Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Кайын-Талаа айылындагы 1917-жылдагы элдик революциядагы каза болгондордун эстелигин оңдоо жөнүндө
Кызыл-Жар айыл өкмөтүнө Караштуу Кайын-Талаа айылынын тургуну Төрөканов Сагындык элди боштондука чыгаруудагы эмгеги бааланып Кайын-Талаа айылына эстелгин тургузулган Ошондуктан эстелигинин эскилиги жетип замандын талабна жооп бергидей кылып оңдоого убакыт келип жетти. Депутаттардын Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин кезектеги ___11____ сессиясынын (V шайланган) жыйналышы угуп жана талкуулап сунушту колдоо менен бирге оңдоп түзөө иштерине салымын кошуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Кайын-Талаа айылындагы тарыхый эстеликти башкача айтканда С.Торокановдун эстелиги оңдоп түзөө жагы белгиленсин.
2. Оңдоп түзөөгө кеткен акча каржатын Кайын-Тлаа айылынын тургуну Шамидинов Кайымдын өз эсебинен кетирүү жагы белгиленсин.
3. С.Төрөкановдун эстелгин тез арда оңдоп түзөө иштерин көзөмөлдөө жагын Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин депуттары ( Э.Турдалиев, С.Матикеев, С.Мамырсулов, А.Жоробаев, К.Сулайманов) тапшырылсын.
4. Эстеликти оңдоого мурунку жеринен башка жерге көчүрүү жана ага жер болуп берүү жагын Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси А.Маметовко милдеттендирилсин
5 .Бул токтомдун аткарылшын көзөмөлдөө жагын Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин төрагасынын жардамчысы А.Жоробаевке милдеттендирилсин.
Төрага | М.Кадыров |