Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-апрели № 11/3
Кызыл-Жар участкалык ооруканасынын карамагында турган турак жайды ооруканада мыйзамсыз кирип алып жашап жаткан кызматкерин чыгаруу жөнүндө
Кызыл-Жар участкалык ооруканасынын бул башка жактан келип иштеп жаткан врачтарга гана тийиштүү үй болгондуктан анын бир кызматкери ээлеп менчик катары пайдаланып чык десе 30690 ( отуз миң алты жүз токсон сом) берсенер чыгамын деп жаткандыгына байланыштуу иш каралып чыгып анын мыйзамдуу же мыйзамсыз жашап жаткандыгын тактоо максатында Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Жар участкалык ооруканасынын кызматкери Т.Бекеева мызамсыз пайдаланып жаткандыгы жана аны бул үйдөн чыгаруу жагын Кара-Кулжа райондук сотунун милдетин аткаруучусу Т.Асановдон мыйзамдын негизинде карап чыгып чечип берүү жагы суралсын.
2. Кызыл-Жар учаскалык ооруканасынын азыркы мезгилде башка жактан келип иштеп жаткан врачтын үй маселесин чечип берүү жана аны жайгаштыруу иштерин аткаруу жагын Кызыл-Жар айылдык Кнешинин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
3. Кызыл-Жар участкалык ооруканасына караштуу үй жайларды тактап кимдер жашаш керек, кимдин балансына караштуу экендигин тактап чыгуу жагын Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Маметовго милдеттендерилсин.
4 .Ушул токтомду аткарууга алуу жагын Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Айсаевке жана Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин төрагасы М.Кадыровго миледеттендирилсин.
Төрага | М.Кадыров |