Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-апрели № 11/4
“ Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн жайыттар жөнүндө”
“ Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8 беренесинин негизинде, ошондой эле “ Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренсине ылайык Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин депутаттарынын __11 __сессиясы жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкаруунун жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерине башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилсин .
2. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштары белгиленсин:
- 2014-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрү:
- Ийри мүйүздүү мал - бир баш үчүн 40,00сом;
- Кой эчкилер - бир баш үчүн 10,00 сом;
- Жылкылар - бир баш үчүн 40,00 сом;
- Кирешелер жана чыгашалар ( 1- тиркеме).
3. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине пайдалануучу жайыт участоктору үчүн жер салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо милдети жүктөлсүн.
4.Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жогоруда аталган жайыт жерлери менен кошо, тиркелген кабыл алуу, өткөрүп берүү акысына ылайык жайыт инфраструктурасынын тийешелүү объектилери өткөрүлүп берилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Айсаевке жүктөлсүн.
Төрага | М.Кадыров |