Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-марты № 120
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн таза суу боюнча суу техниги Ж.Абдыкадыровдун 2014-жыл ичинде жүргүзүлгөн иштеринин маалыматы жөнүндө
Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXV-сессиясында Үч-Терек айыл өкмөтүнүн таза суу боюнча суу техниги Ж.Абдыкадыровдун 014-жыл ичинде жүргүзүлгөн иштери жөнүндө маалыматы каралып төмөндөгүдөй ойлор айтылды:
Үч-Терек айылында эң башкы көйгөй болгон ичүүчү таза суу маселеси 30 жылдан ашуун убактан бери каралбай, каралса да чечилбей келе жатат. Айылдагы 1983-жылдары курулган таза суу түтүктөрү азыркы убакта жергиликтүү бийликтин кайдыгерлиги жана айыл элинин да кайдыгерлигинен улам суу түтүктөрү мыйзамсыз тешилип,талкаланып эч кандай келишим да түзүлбөй таза суу акысы да төлөнбөй келген.Ошол себептерден бул эң көйгөйлүү таза суу маселесин тез арада тартипке салуу үчүн кечиктирилгис чаралар көрүлүүсү зарыл.
Жогорудагы айтылгандарды белгилеп Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Үч-Терек айыл өкмөтүнүн таза суу боюнча суу техниги Ж.Абдыкадыровдун 2014-жыл ичиндеги жүргүзүлгөн иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Үч-Терек айылындагы таза суу түтүктөрүнөн уруксаты жок мыйзамсыз тешип суу чыгарып алган жарандардын суу түтүктөрүн кырктырып административдик чара көрүү жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысына жана суу техниги Ж.Абдыкадыровго милдеттендирилсин.
3.Ал эми мыйзамсыз суу түтүктөрүн кыркуу учурунда тартипти көзөмөлгөө алуу жагы участкалык инспектор А.Турдукуловго милдеттендирилсин.
4. Суу түтүктөрүнөн мыйзамдуу суу чыгартуу атайын сессиясынын токтому менен жана айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн атайын келишимдин негизинде жүзөгө ашырылаары эске алынсын.Ал эми таза сууга болгон төлөмдөрдү текшерүүгө алуу жагы башкы салык инспекторуна милдеттендирилсин.
5.Үч-Терек айылындагы таза суу топтолуучу суу кампаны тазалоо иштери жүргүзүлсүн,тазалоо иштерине керектелүүчү шаймандарга жана тетиктерди алмашты-рууга акча каражатын өз убагында берүү жагы башкы эсепчи Ш.Сатыбалдиевге милдеттендирилсин.
6. Бул токтомду 2015-жылдын 1-майга чейин аткарууга алууну уюштуруу Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сейдалиевге жана участкалык инспектор А.Турдукуловго милдеттендирилсин.
7.Үч-Терек айылынын таза суу проектисин 2015-жылдын стратегиялык өнүгүү программасына киргизип бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сейдалиевге милдеттендирилсин.
8.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
9.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
10.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө.Сулайманов |