Редакцияот 05.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

VI-чакырылыш кезектеги XХI-сессия

 

2015-жылдын 5-марты № 7

Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигиндеги кээ бир мүлктөрүн оперативдүү жана ишеним башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө

Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин 28.11.2014-жылдагы №12-91, 14.01.2015-жылдагы чыг.№12 жана 21.01.2015-жылдагы чыг.№54, №57-каттарыны шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XХI-сессиясы  

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Жалал-Абад шаарынын Эркиндик аянты реконструкцияланган жалпы баасы 33643,500 (отуз үч миллион алты жүз кырк үч миӊ беш жүз) сомду түзгөндүгү эске алынсын жана Жалал-Абад шаардык коммуналдык чарба департаментине оперативдүү башкарууга өткөрүлүп берилсин.

 Жалал-Абад шаарынын Жеӊи Жок көчөсүнүн №48 дарегиндеги жатакананын №3 жана №4 жалпы аянты 108,4 чарчы метрди түзгөн бөлмөлөрү «Спутник» АБна оперативдуу башкарууга өткөрүлүп берилсин.

Муниципащлдык менчикти башкаруу комитетинин балансындагы мамлекеттик номуру 2997DA «Хонда Аккорд» нөөмөттүк автоунааны кызматтык муктаждыкка байланыштуу Жалал-Абад шаардык финансы бөлүмүнө убактылуу ишеним башкарууга өткөрүлүп берилсин.

Муниципащлдык менчикти башкаруу комитетинин балансындагы мамлекеттик номуру 0020DA «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү автоунааны Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн Алтын Балалык балдардын жайкы эс алуучу лагерине убактылуу ишеним башкарууга өткөрүлүп берилсин.

Жалал-Абад шаардык коммуналдык чарба департаментинин директоруна (А.Нуркулов), «Спутник» АБнын башчысына (Г.Худайбердиева), Жалал-Абад шаардык финансы бөлүмүнүн башчысына (А.Раматиллаев) жана Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн Алтын Балалык балдардын жайкы эс алуучу лагеринин жетекчисине (Т.Аманова) жогорудагы мүлктөрдү сакталуусун өз жоопкерчилигине алуу жагы милдеттендирилсин.

Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.

Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, комуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Ушул токтом массалык маалымат каражаттарынан расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

Н.Нишанов