Редакцияот 05.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

VI-чакырылыш кезектеги XХI-сессия

 

2015-жылдын 5-марты № 8

Жалал-Абад шаарынын аймагынан мектеп, бала бакча жана балдар үйүн  куруу үчүн жер тилкесин ажыратуу жөнүндө

«Жаӊы муун» коомдук фондунун жазган чыг.№007/015 жана 002/016-каттарыны шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XХI-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Жалал-Абад шаарынын аймагында Кувейт мамлекетинин Smart Generation фондунун колдоосунда мектеп, бала бакча жана балдар үйүн курууга уруксат берилсин.

Жалал-Абад шаарынын мэриясына (С.Авазов) мектеп, бала бакча жана балдар үйүн куруу үчүн жер тилкесин ажыратып берүү жагы милдеттендирилсин.

Бөлүнүп берилген жер тилкесин ижарага (келечекте сатып алуу шарты менен) берүү жагы шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетине (Б.Джусупбеков) милдеттендирилсин.

Ушул токтом жер тилкесин бөлүп берилген күндөн тартып 6 (алты) ай аралыгында аткарылбаса өз күчүн жоготту деп табылсын.

Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.

Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, комуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Ушул токтом массалык маалымат каражаттарынан расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

Н.Нишанов