КУЙРУЧУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 7-октябры № 29
Куйручук айыл аймагынын “Арал” участкасындагы кол менен жасалган көлмөнү жана балык чарбасын өстүрүү боюнча ПРООН тарабынан каржыланган проектинин долбоорунун бюджетин бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Абылабековдун, айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ы. Солтоеванын маалыматын жана Куйручук айылдык Кеңешинин депутаттарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Куйручук айылдык Кеңешинин ХХVI-чакырылышынын XXX кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Куйручук айыл аймагынын “Арал” участкасында “ Айдаралы” балык чарбасын өстүрүүгө жана инкубациялык цехти куруу боюнча ПРООН тарабынан каржыланган проектинин долбоорунун бюджети 337 600(үч жуз отуз жети мин алты жүз) сом, өздүк салым 342 660(үч жүз кырк эки мин алты жүз алтымыш) сом, баардыгы 680260 (алты жүз сексен мин эки жүз алтымыш )сом өлчөмүндө бекитилсин (тиркеме тиркелет);
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Куйручук айыл аймагынын финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы Ы. Солтоевага милдеттендирилсин.
Төрага | З.Баисов |