Редакцияот 24.12.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЙРУЧУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 24-декабры № 31/2

Куйручук айыл аймагынын “Космос” жеке ветеринардык сервиси чакан тоют даярдоочу ишкана (цех)ны ПРООН тарабынан каржыланган  долбоорунун бюджетин бекитүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча  Куйручук  айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Абылабековдун, айыл өкмөтүнүн  финансы-экономика бөлүмүнүн  башчысы Ы. Солтоеванын маалыматын жана”Космос” жеке ветеринардык сервистин башчысы Карымшаков Кубандын долбоорунун  түшүндүрмөсүн угуп жана талкуулап,  Куйручук айылдык Кеңешинин ХХVI-чакырылышынын XXX кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Куйручук айыл аймагынын  “Космос” жеке ветеринардык сервисинин чакан тоют даярдоочу ишкана (цех)ны  орнотуу жана куруу боюнча ПРООН тарабынан каржыланган долбоорунун бюджети 471 400 (төрт жүз жетимиш  бир миң төрт жүз)сом, өздүк салым 215 469 (эки жүз он беш миң төрт жүз алтымыш тогуз) сом,баардыгы 686 869 (алты жүз сексен алты миң сегиз жүз алтымыш тогуз)сом өлчөмүндө бекитилсин (тиркеме тиркелет);

2. Бул каралган каражаттын долбоорунун багыттарына жумшоо жагы Куйручук айыл  аймагынын финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы Ы. Солтоевага милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б. Абылабековго жүктөлсүн.

 

Төрага

З.Баисов