КУЙРУЧУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ХХVI чакырылган Эл депутаттарынын Куйручук айылдык Кеңешинин кезексиз 31 сессиясы.
2015-жылдын 31-октябры № 30-1
Куйручук ыйыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган «Ынтымак» жаштар уюмунун демилгеси менен түзүлгөн спорт комплексине (имарат) статус жана ысым (ат) берүү жөнүндө
Куйручук айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган спорт комплекси (имараты) не статус жана ысым (ат) берүү жөнүндө Куйручук айыл Аксакалдар Кеңешинин маалыматын, кайрылуусун, протоколун жана “Ынтымак” уюмунун мүчөлөрүнүн билдирүүсүн угуп, коомчулуктун ой пикири менен Айылдык Кеңештин депутаттарынын сунуштарын эске алып, угуп, талкуулап Куйручук айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куйручук айыл өкмөтүнө караштуу “Ынтымак” жаштар уюму уюштурган спорт комплекси, Куйручук айылынын тургундарынын жыйынтык протоколу жана арызы канааттандырылып “Субанбек –Ата Ынтымак жаштар уюмунун” спорт мектеби деп аталсын.
2 .“Субанбек-Ата Ынтымак жаштар уюмунун” спорт мектеби юридикалык жактан каттатуу жана иш кагаздары Дүйшөналиев Кайырбекке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана уюштуруу жагы Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Абылабековго жүктөлсүн.
Төрага | З.Баисов |