Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-БЕЛЕС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-июну № 23/2
Кызыл Белес айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик
тилде гана кабыл алуу жѳнүндѳ
Кызыл Белес айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын кѳпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ» Мыйзамынын 26-беренесине ылайык,
Кызыл Белес айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл Белес айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2.Ушул токтом айыл ѳкмѳтүнүн апаратынан каттоодон ѳткѳрүлүп, www.aktala.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
3.Токтомдордун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Кызыл Белес айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Абдылдаев Алмазга жүктѳлсүн.
Төрага | Б. Шерматов |