Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-июну № 14/4
Көк-Жар айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө
Көк-Жар айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылары жөнүндө “ Мыйзамынын 26- беренесине ылайык Көк-Жар айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кок-Жар айыл аймагынын айылдык Кенешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2.Ушул токтом айыл окмотунун аппаратынан каттоодон өткөрүлүп Ак-Талаа веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизуу учун Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жонотулсун.
3. Токтомдун аткарылышын контролдоо Кок-Жар айыл аймагынын айыл окмотунун башчысы Т.Орозобековга жуктолсун.
Төрага | С.Матанов |