Загрузка документа…
КОНОРЧОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-июну № 32/63
Конорчок айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жѳнүндѳ
Конорчок айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын кѳпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ» Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, Конорчок айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Конорчок айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2.Ушул токтом айыл ѳкмѳтүнүн апаратынан каттоодон ѳткѳрүлүп, www.aktala.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
3.Токтомдордун аткарылышын контролдоо Конорчок айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Сатындиев Курманбайга жүктѳлсүн.
Төрага | Касымбаев С. |