Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-февралы № 20/6
2014-жылга Семиз-Бел айыл аймагындагы жайыттардын айыл аймагынан сырткаары келген жайыт пайдалануучулардын жана кыйыр пайдалануучулардын жайыт акысын бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ Мыйзамынын 4-беренесинин жана «Жайыттар жѳнүндѳ» Мыйзамдын 4-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн «Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жѳнүндѳ» 2013-жыл 13-сентябрдагы №515 токтомунун негизинде жайыт пайдалануучулардын жайыт акысын бекитүү жѳнүндѳ Семиз-Бел айыл аймагынын жайыт комитетинин тѳрайымы А.Алжанбаеванын маалыматын угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылга Семиз-Бел айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар тарабынан жайлоого алып чыккан малдардын акылары тѳмѳндѳгүдѳй ѳлчѳмдѳ бекитилсин.
1. Кой-эчки туягына-12 сом
2. Жылкы туягына-60 сом
3. Уй туягына-60 сом
4. Эшек туягына-60 сом
2. 2015-жылга Семиз-Бел айыл аймагынан тышкары келген жайыт пайдалануучулар тарабынан жайлоого чыккан малдардын акылары тѳмѳндѳгүдѳй ѳлчѳмдѳ бекитилсин.
1. Кой-эчки туягына-24 сом
2. Жылкы туягына – 120 сом
3. Уй туягына – 120 сом
4. Эшек туягына – 120 сом
3. 2015-жылга Семиз-Бел айыл аймагынан жайыттарын кыйыр пайдалануучуларынан жайыт акылары (туризм багытында) ар бир боз үйгѳ 3000 (үч) миң сом,соода-сатык, вагондордон түшкѳн жайыт акы кв. метрине 350 (үч жүз элүү) сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳ жагы Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы жана жайыт комитетинин тѳрайымы А.Алжанбаевага милдеттендирилсин.
Төрага |
М.Букамбаев
|