Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-февралы №20/12
Жазгы талаа жумуштарына карата механизаторлор менен түзүлгөн келишимдин үлгүсүн бекитүү жөнүндө
Жазгы айдап себүү өнөктүгү мезгилинде механизаторлор дыйкан-фермерлердин жерлерин өз убагында, айдап берүү, малолоо жумуштарын сапаттуу бүткөрүүгө карата түзулгөн келишимдин үлгүсү менен таанышып жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл аймагында жазгы айдап себүү өнөктүгү мезгилине карата механизаторлор менен түзүлгөн келишимдин үлгүсү бекитилсин.
2. Семиз-Бел айыл аймагындагы айылдарда ар бир механизаторлор менен келишим түзүп, келишимдин талаптарынын аткарылышына ылайык техникалардын кызмат көрсөтүү акыларын сакталышын көзөмөлдөө айыл башчыларына тапшырылсын..
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Моңкоевге милдеттендирилсин.
Төрага |
Б.Мукамбаев
|