Редакцияот 02.06.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезекгеги XXI сессиясы

 

2015-жылдын 2-июну № 21/ 4

Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу Чекилдек  айылынын тургундарынын 30-март 2015-жылдагы №3 токтомун бекитүү жөнүндө

Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн аймагында Чекилдек айылынын тургундарынын элдик жыйындын 30-март 2015-жылдагы №3 токтомунун негизинде Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн Чекилдек  айылынын тургундарынын жалпы  элдик жыйынынын 30-март 2015-жылдагы № 3 токтому бекитилсин.

2. Айдоо-себүү, оруп-жыйуу, мезгилин сапаттуу бүткөрүү  элдик жалпы жыйындын чечимине ылайык жумуштун аткарылышына төмөндөгүдөй кызмат көрсөтүү акылары бекитилсин:

1.    Кош айдоо         -900 сом  20-литр май

2.    Себүү                 -500 сом 10 литр май

3.    Планировка       -300 сом 10 литр  май

4.    Тырмоо              -300 сом 10-литр май

5.    Арык тартуу      -100 сом  5 литр май (га)

6.    Чөп чабуу          -1000 сом 10 литр май        

7.    Косилка              -800 сом майы ичинде

8.    Комбайн            -1300 сом 10 литр май

3. Малдарга болгон бааны бекитүү маселеси жөнүндө 2014-жылдагы элдик жыйындын чечимине ылайык төмөндөгүдөй мал багуунун акылары бекитилсин:

1.    Уй,бука   - 300 сом

2.    Кой           - 30 сом

3.    Эчки          -35 сом

4.    Жылкы      - 300 сом

5.    Тай             - 300 сом

4. Жаздоого кочүү 20-апрелден кечиктирилбестен, ал эми жайлоого көчүү 1-майдан кечиктирилбестен көчүрүлсүн. Убагында көчпөгон жана эрте көчүп келген чабандарга 5000сомдон 10000  сомго чейинки айып салынсын. Айылда калган, жайлоодон эрте тушуп эгин талааларына кирген малдын башына төмөндөгүдөй айыптар салынсын

1.    1 баш кой-эчкиге-100 сом

2.    1 баш тай-торпоко-500 сом

3.    1 баш уй-жылкыга-1000 сом

4.    1 баш эшеке-1000 сом

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Моңкоевге тапшырылсын.

 

Төрага

 

М.Букамбетов