Редакцияот 02.06.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы

 

2015-жылдын 2-июну № 21/ 5

Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу Арсы айылынын тургундарынын 31-март 2015-жылдагы №4 токтомун бекитүү жөнүндө

Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн аймагында Арсы айылынын тургундарынын элдик жыйындын 31-март 2015-жылдагы №4 токтомунун негизинде Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн Арсы айылынын тургундарынын жалпы элдик жыйынынын 31-март 2015-жылдагы № 4 токтому бекитилсин.

2. Айдоо-себүү, оруп-жыйуу, мезгилин сапаттуу бүткөрүү  элдик жалпы жыйындын чечимине ылайык жумуштун аткарылышына төмөндөгүдөй кызмат көрсөтүү акылары бекитилсин:

1.    Кош айдоо          -1000 сом 20 -25-литр май

2.    Себүү                  -300 сом 8 литр май,эки сепсе 400 сом 14 литр май

3.    Планировка       -500 сом 10 литр  май

4.    Тырмоо              -500 сом 10-литр май

5.    Арык тартуу       -200 сом 5 литр май (га)

6.    Чөп чабуу          -1000 сом 10 литр май

7.    Косилка              -800 сом майы ичинде

8.    Комбайн             -1200  25 литр май

3. Малдарга болгон бааны бекитүү  маселеси жөнүндө 2015-жылдагы  элдик жыйындын чечимине ылайык төмөндөгүдөй мал багуу акылары бекитилсин:

1.    Уй,бука   - 300 сом

2.    Кой           - 30 сом

3.    Эчки          -35 сом

4.    Жылкы    - 300 сом

5.    Тай          - 300 сом

4. Жаздоого көчүү 20-апрелден кечиктирилбестен, ал эми  жайлоого көчүү-1-майдан кечиктирилбестен  көчүрүлсүн. Убагында көчпөгөн жана эрте көчүп келген чабандарга 5000сомдон  10000  сомго чейинки айып салынсын.Айылда калган , жайлоодон эрте тушсо эгин  талаасына кирген малдын    башына  төмөндөгүдөй айыптар салынсын

1.    1 баш кой-эчкиге-100 сом

2.    1 баш тай-торпоко- 500 сом

3.    1 баш уй-жылкыга-1000 сом

4.    1 баш эшеке- 1000 сом

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Моңкоевге тапшырылсын.

 

Төрага

 

М.Букамбаев