Редакцияот 02.06.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы

 

2015-жылдын 2-июну № 21/6

Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу Кара-Тоо айылынын тургундарынын 31-март 2015-жылдагы № 5 токтомун бекитүү жөнүндө

Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн аймагында  Кара-Тоо айылынын тургундарынын  элдик  жыйындын 31-март 2015-жылдагы № 5 токтомунун негизинде Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн Кара-Тоо айылынын тургундарынын жалпы элдик жыйынынын 31-март 2015-жылдагы №5 токтому бекитилсин.

2. Айдоо-себүү, оруп-жыйуу, мезгилин сапаттуу бүткөрүү элдик жалпы жыйындын чечимине ылайык жумуштун аткарылышына төмөндөгүдөй кызмат көрсөтүү акылары бекитилсин:

1.    Кош айдоо         -1000 сом 20 -30-литр май

2.    Себүү                 -300 сом 8 литр май

3.    Планировка       -500 сом 8 литр  май

4.    Тырмоо              -200 сом 8-10-литр май

5.    Арык тартуу      - 100 сом 5 литр май (га)

6.    Чөп чабуу          - 850 сом 10 литр май        

7.    Косилка             - 1000 сом майы ичинде

8.    Комбайн            -1000 сом 25 литр май

3. Малдарга болгон бааны бекитүү маселеси жөнүндө 2015-жылдагы элдик жыйындын чечимине ылайык төмөндөгүдөй мал багуу акылары бекитилсин:

1.    Уй,бука      - 300 сом

2.    Кой            - 30 сом

3.    Эчки          -35 сом

4.    Жылкы     - 300 сом

4. Жаздоого көчүү 20-апрелден кечиктирилбестен, ал эми  жайлоого көчүү-1-майдан кечиктирилбестен көчүрүлсүн. Убагында көчпөгөн жана эрте көчүп келген чабандарга 5000сомдон 10000 сомго чейинки айып салынсын. Айылда калган, жайлоодон эрте тушкон эгин талаасына кирген малдын башына төмөндөгүдөй айыптар салынсын

1.    1 баш кой-эчкиге-100 сом

2.    1 баш тай-торпоко- 500 сом

3.    1 баш уй-жылкыга-1000 сом

4.    1 баш эшеке- 1000 сом

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Моңкоевге тапшырылсын.

 

Төрага

 

М.Букамбетов