КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын V чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз ХVII сессиясы
2015-жылдын 5-марты №17/1
2013-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышын жана 2015-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү жонундо
Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2013-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышын жана 2015-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү боюнча ФЭБ башчысы-башкы эсепчиси Б.Тажиевдин отчётун, айылдык кенештин экономика, бюджет, салык боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2013-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча кирешелер 28900.0 мин сомго, чыгашалар 29492.7 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2015-жылга Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгү 8851.2 мин сом, мунун ичинен жергиликтүү салыктан түшүүчү кирешелер 3470.4 мин сом, теңдештирүү грант 5380.8 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2015-жылга жергиликтүү бюджеттин кирешелери теңдештирүүчү гранттардан жана жергиликтүү бюджеттен түшө турган кирешелеринин эсебинен төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
- патент салыгы- 150.0 мин сом.
- бирдиктүү салык- 20.0 мин сом.
- сатуудан түшкөн салык- 225.0 мин сом
- айыл чарба жеринен салык- 533.8 мин сом.
- огород салык- 339.7 мин сом.
- айыл чарба эмес багыттагы салык- 18.7 мин сом.
- транспорт салык- 277.0 мин сом.
- кыймылсыз мулкко салык- 5.0 мин сом.
- тазалык жыйым- 50.0 мин сом.
- ФПС аренда акысы- 114.2 мин сом.
- подох.налог- 1030.0 мин сом.
- кен байлык иштетүү үчүн акы- 60.0 миң сом
- административдик штраф- 2.0 миң сом
- атайын каражат- 645.0 мин сом.
Жергиликтүү салыктар жана
жыйымдар баары- 3470.4 мин сом.
- теңдештирүүчү грант- 5380.8 мин сом.
Жалпысы- 8851.2 мин сом.
Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылга чыгымдар бөлүгү:
- башкаруу аппаратына- 4197.9 мин сом.
- агартуу тармагына- 3378.2 мин сом
- маданият тармагына- 1275.1 мин сом.
Баары- 8851.2 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. 2016-жылга Кум-Добо айыл окмотунун болжолдуу бюджетинин долбоору жергиликтуу салыктар жана жыйымдардын 3585.4 млн.сом, тендештируучу гранттын эсебинен 5553.1 млн.сом, жалпы 9138.5 млн.сом суммасында жана 2017-жыл учун болжолдуу бюджеттин долбоору жергиликтуу салыктар жана жыйымдардын эсебинен 3720.4 млн.сом, тендештируучу гранттын эсебинен 5719.6 млн.сом, жалпы 9440.0 млн.сом суммасында бекитилсин.
4. 2015-жылдын киреше бөлүгүнүн бардык турунун толук аткарылышын камсыз кылуу жагы салык инспекторлор К.Курманалиева, К.Абдраимова, Ж.Дуйшөкулова, А.Касмалиеваларга милдеттендирилсин.
5. Бул боюнча үзгүлтүксүз жетекчилик кылуу жагы Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы С.Убалиевге жана ФЭБ башчысы-башкы эсепчиси Б.Тажиевге милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрагайымы |
А.Тургуналиева |