Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-апрели №18/3
Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагына жаштардын спорт клубун салуу жерин чечүү жөнүндө
Депутаттардын V чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинен шайланган депутаттардын Кум-Дөбө айыл өкмөтү сунуштап, жаштарга спорт клубунун жерин тактап берүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кум-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айылындагы эски бейтапкананын ордунан жаштарга спорт клуб салууга 0,10 сотых жер бөлүнүп берилсин.
2. Берилген участокту тактап, тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы жер, турак жай жана муниципалдык менчик боюнча адиси Н.Осмоновго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы С.Убалиевге тапшырылсын.
Төрайымы |
А.Тургуналиева |