Загрузка документа…
ЧОН-ДОБО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-июлу № 6
Чон-Добо айыл аймагынын Тынаалы атындагы орто мектебинин эски корпусунун материалдары жөнүндө
Чон-Добо айыл аймагынын Тынаалы атындагы орто мектебинин эски корпусунун материалдарын сатып айыл окмоттун бюджетине кириштөө максатында Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө» Мыйзамына ылайык айылдык Кеңеши талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чон-Добо айыл аймагындагы Тынаалы атындагы орто мектебинин 1955-1956-жылы курулган эски мектептин материалдары жарактуулары сатылып айыл өкмөттүн бюджеттине кириштелсин.
2. Чон-Добо айыл аймагына караштуу Тынаалы атындагы орто мектебинин 1955-1956-жылы курулган эски мектептин материалдарын жарактууларын сатып айыл өкмөтүнүн бюджетине кириштөө боюнча комиссия курамы бекитилсин.
1. Сыдыгалиева Э.
2. Мажиев Т.
3. Курманалиева А.
4. Дооронбеков К.
5. Шапкулов К.
3. Тынаалы атындагы орто мектебинин 1955-1956-жылы курулган эски мектептин материалдарынын баасы бекитилсин.
Тактай 1шт-250 сом, устун 1шт -200 сом, каалга 1шт-300 сом, Терезе 1шт-300 сом.
4. Чон-Добо айыл аймагынын айыл өкмөтү Тынаалы атындагы орто мектептин эски маткериалдарын сатып айыл өкмөтүнө кириштөө жагын айылдык Кеңешинен суралсын.
5. Бул токтом Чон-Добо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каттоосунан өткөрүлүп, Кыргыз Республиксынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Төрайымы | Э.Сыдыгалиева |