Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-августу № 34/124
Кызыл–Кыя шаарынын Т.Кулатов атындагы борбордук стадионун, борбордук аянтын, маданият үйүнүн концерттик залын, маданият бөлүмүнүн музыкалык аппаратураларын жана башка муниципалдык обьектилерди ижарага берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча өткөрүлүүчү шайлоого карата саясый партиялардын шаарга келишип, шаардын муниципалдык менчигиндеги обьектилерди пайдалануу менен шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүлөрү күтүлүүдө.
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, шаардык маданият бөлүмүнүн 2015–жылдын 9–июлундагы №69 кайрылуу катын жана маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан айтылган сын–сунуштарын эске алып, шаардын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кызыл–Кыя шаарынын муниципалдык менчик боюнча департаментине шаардын Т.Кулатов атындагы борбордук стадионун, борбордук аянтын жана башка муниципалдык обьектилерди келишимдин негизинде ижарага берүүгө макулдук берилсин.
Кызыл–Кыя шаарынын маданият бөлүмүнө шаардын маданият үйүнүн концерттик залын жана маданият бөлүмүнүн музыкалык аппаратураларын келишимдин негизинде ижарага берүүгө макулдук берилсин.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Маткалыков |