Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-августу № 34/125
Кызыл–Кыя шаарынын аймагындагы кайра бөлүштүрүү Фондусундагы айыл чарба жерлерин бөлүштүрүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007–жылдын 29–июнундагы № 1997–III “Кайра бөлүштүрүү фондусундагы айыл чарба жерлерин ижарага берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү типтүү Жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна негиз, шаардык кеңештин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жана шаардын “Караван” аймактык башкармалыгынын 2015–жылдын 7–июлундагы кайрылуу катын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кызыл–Кыя шаарынын аймагындагы кайра бөлүштүрүү Фондусундагы айыл чарба жерлерин бөлүштүрүү боюнча комиссиянын курамы №1–тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет).
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Маткалыков |
| Кызыл–Кыя шаардык кенешинин (V чакырылышы) 2015–жылдын 19–августундагы кезексиз 34–сессиясынын №34/125–токтомуна №1–тиркеме |
1. Эранов М.К. – Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин депутаты, туруктуу комиссиянын төрагасы;
2. Тажибаев А. – шаардын “Караван” аймактык башкаруусунун жетектөөчү адиси, комиссиянын катчысы.
3. Маматов А.К. – Кызыл–Кыя шаардык кенешинин депутаты, туруктуу комиссиянын төрагасы, шаардын “Ак–Булак” жайыт комитетинин төрагасы;
4. Имаров Ө.С. – Кызыл–Кыя шаардык кенешинин депутаты;
5. Гайвылдаев М. – Кызыл–Кыя шаардык кенешинин депутаты;
6. Каарова А.М. – Кызыл–Кыя шаардык кенешинин депутаты;
7. Зулпуев А.Г. – шаардын “Караван” аймактык башкармалыгынын башчысы;
8. Сапарбеков А. – Кызыл–Кыя шаарынын муниципалдык менчик департаментинин башкы адиси;
9. Акматов К. – Кызыл–Кыя шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын адиси;
10. Алиев П.Г. – шаардын “Караван” аймактык башкармалыгынын башкы адиси;
11. Саланов Ы. – шаардын “Караван” аймактык башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин жооптуу катчысы |
Р.Абдукаюмов |