Редакцияот 02.06.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

VI-чакырылыш кезексиз ХXVI-сессия

2015-жылдын 10-сентябры № 1

Жалал-Абад  шаардык кеңештин төрагасы жөнүндө

Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Н.Нишановдун берген арызына ылайык, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 37-беренесинин 1-пунктуна жана Жалал-Абад шаардык кеңешинин иштөө Регламентине ылайык депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз ХXVI-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Н.Нишановдун арызы канааттандырылсын.

Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы кызматына Ормоков Эрнисбек Абдижалилович  шайланды деп эсептелинсин.

Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын  Адилет министрлигине мамлекеттик  реестрге  киргизүү  жагы  шаардык кеңештин жооптуу катчысына  (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.

Ушул токтом кабыл алган учурдан күчүнө кирет.

 

Төраганын  орун  басары

К.Айтакалов