Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 9-сентябры № 72/21-6
“Токтогул ГЭС Каскады тарабынан көрсөтүлүп жаткан коммуналдык кызматтар үчүн тарифтерди бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасында электр энергиясын пайдалануу үчүн тарифтердин жогорулагандыгына байланыштуу Кара-Көл шаарынын элине коммуналдык кызматтарды көрсөтүү Токтогул ГЭС Каскады үчүн рентабелдүү жана перспективдүү болбой жаткандыгын эске алып, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул ГЭС Каскады тарабынан көрсөтүлүп жаткан коммуналдык кызматтар үчүн тарифтерди 25% көтөрүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына ( Жетешикова Г.С.) жүктөлсүн.
Төрага | Женбеков М.К. |