Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 9-сентябры № 74/21-6
“Жазы –Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыттарды пайдалануунун 2015-жылга бюджети жөнүндө”
“ Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин негизинде, ошондой эле “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 3-пунктуна, 10-беренесине ылайык жайыт жерлерин сарамжалдуу жана натыйжалуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазы –Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыттарды пайдалануунун 2015-жылга бюджети, кирешелер жана чыгашалар сметасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жайыт комитетинин 2015-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрү боюнча төмөнкү сунушу бекитилсин:
бир баш үчүн жылдык төлөм:
- бодо мал - 100 сом;
- кой –эчки - 20 сом;
- жылкы,эшек - 100 сом;
3. Жазы –Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетине пайдалануучу жайыт участоктору үчүн жер салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке чегерүү милдети жүктөлсүн.
4. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жазы –Кечүү аймактык башкармалыгына жүктөлсүн.
Төрага | Женбеков М.К |